Боом капчыгайында 14-18-март аралыгында таш кулатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек–Ысык-Көл автожолу. Архив
Бишкек–Ысык-Көл автожолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган күндөрдө капчыгайдагы автожол саат 9-00дөн 15-00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 14-марттан 18-мартка чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 108-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүрөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Боомдун үстүнөн тартылган видео автотыгынды алаканга салгандай көрсөттү
Таштарды кулатуу иштери авто жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 14-18-март аралыгында Боом капчыгайы саат 9-00дөн 15-00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат. 

Эгер аталган автожолдо 30-40 автоунаа чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, автоунаалар өткөрүлүп турат.

Таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Былтыр жайында аталган капчыгайда жолго тоодон кум-шагыл түшүп, жолду бууп калган. Мындай жагдай тоо боорундагы таштарды түшүрүү учурунда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0