Муфтият имамдарды экстремизм менен күрөшүүнү үйрөтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. Архив
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын чыгарылган китеп аалымдарга, мечит имамдарына, медресе окутуучуларына, дин кызматкерлерине колдонмо курал катары сунушталат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) имамдар үчүн "Экстремизмге каршы күрөшүү" аттуу китебин басып чыгарганын муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, китеп алты баптан туруп, анда имамдардын ролу жана жоопкерчилигинен тартып, экстремизм, радикализм, фанатизм, терроризм, жихад жана анын исламдагы түшүнүгү менен бирге КМДБнын ишмердүүлүгү камтылган. 

"Басылмада муфтияттын диний экстремизмге каршы багытталган ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилген", — деп айтылат билдирүүдө. 

"Экстремизмге каршы күрөшүү" аттуу китепте экстремизм, такфиризм түшүнүктөрү, аларды алдын алуу жолдору, ыйык Курандын жана Мухаммед пайгамбардын (с.а.в) сүннөтүнөн анык окуялага негизделген түшүнүктөр камтылган. 

Китеп аалымдарга, мечит имамдарына, медресе окутуучуларына, дин кызматкерлерине колдонмо курал катары сунушталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0