Мектеп окуучулары кесип тандоодо кеп-кеңештерди алууда

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМектеп бүтүрүүчүлөрү. Архив
Мектеп бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар менен студенттер ортосунда "Big brothers, Big sisters" (эжелер, байкелер) байланыш аянтчасы түзүлдү.

БИШКЕК, 12-мар. – Sputnik. Бүгүн университеттердин экинчи жарманкеси өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Абитуриент Россиядагы ЖОЖго документ тапшыруу кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Глебова: россиялык ЖОЖдор 15 миң чет өлкөлүктөрдү акысыз окууга чакырат
Маалыматка ылайык, иш-чарага 20 окуу жайдын өкүлдөрү, 30 жаштар уюму жана 3 миң мектеп окуучулары катышууда. 

Жарманкенин негизги максаты абитуриенттер менен алардын ата-энелерине окуу жайлардын өзгөчөлүктөрү жана факультеттер тууралуу толук маалымат берүү болуп эсептелет. Мындан сырткары окуу жайларга тапшыруу шарттары менен кесип тандоо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. 

Окуучулар менен студенттер ортосунда "Big brothers, Big sisters" (эжелер, байкелер) байланыш аянтчасы түзүлүп, студенттер тарабынан окуучуларга кесип тандоодо кеңештер берилди. 

Белгилей кетсек, "Big Brothers Big Sisters" программасына жарманкеге келген 11-класстын окуучулары жазылышса болот. Ал аркылуу апрель айынан августка чейин жеке кеңештерди окуучулар бекер ала алышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0