Ысык-Көлдүктөр мамонттун сөөгүн тапкандыгына ишенип турушат

© Канат Болотов Останки предположительно мамонта найденные в Ак-Суйском районе Иссык-Кульской области
Останки предположительно мамонта найденные в Ак-Суйском районе Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү жашоочулар жар боорунан чыгып турган сөөктү казып баштап, эки азуусун көргөндөн кийин мамонт экендигине ынанганын айтышууда.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Ак-Суу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусунун жээгиндеги жардын боорунан жергиликтүү тургундар мамонттукуна окшогон ири сөөктү табышкан. Алардын айтымында, бул байыркы заманда жашаган кадимки эле мамонт. Бул туурасында Отрадное айыл өкмөтүнө караштуу Орлиное айылынын жашоочусу Эрмек Кулетов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады.

Анын айтымында, сөөктү бир айдай убакыт мурда Жыргалаң суусунун түштүк-чыгыш тарабындагы жардан байкап, бирок, маани берген эмес.

© Канат БолотовАксуу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусунун жээгинде жар боорунан жергиликтүү тургундар мамонтко окшогон ири сөөктү табышкан.
1/4
Аксуу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусунун жээгинде жар боорунан жергиликтүү тургундар мамонтко окшогон ири сөөктү табышкан.
© Канат Болотов Алардын айтымында, бул байыркы заманда жашаган кадимки эле мамонт.
2/4
Алардын айтымында, бул байыркы заманда жашаган кадимки эле мамонт.
© Канат Болотов Аксуу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусу
3/4
Аксуу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусу
© Канат Болотов Сөөк жардын үстүнөн алып караганда болжол менен 20-25 метр төмөн аралыкта жайгашкан.
4/4
Сөөк жардын үстүнөн алып караганда болжол менен 20-25 метр төмөн аралыкта жайгашкан.
1/4
Аксуу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусунун жээгинде жар боорунан жергиликтүү тургундар мамонтко окшогон ири сөөктү табышкан.
2/4
Алардын айтымында, бул байыркы заманда жашаган кадимки эле мамонт.
3/4
Аксуу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусу
4/4
Сөөк жардын үстүнөн алып караганда болжол менен 20-25 метр төмөн аралыкта жайгашкан.

Көлдүктөр мамонтко окшош жандыктын сөөгүн кандайча табышканын Sputnik видеосунан көрүңүздөр>>

"Февралдын жыйырмаларында мал жайып жүрүп жардын боорунан көргөндө кар деп ойлогонбуз. Бирок, кар эрип кеткенден кийин, жар четинен урай баштап, экинчи фрагменти агарып көрүндү", — деди Кулетов.

Алар эки күн мурда, 10-мартта барып жардын бооруна аркан менен түшүп, чукулап, казып көрүшкөн.

"Эки күн мурда барып казсак, экинчи мүйүзү, анан башы менен моюну бириккен жери көрүндү. Баш сөөгү азырынча жердин астында. Казып баштап, эки азуусун көргөндөн кийин мамонт экендигине ынандык",— деди Кулетов.

Анын айтымында, сөөк жардын үстүнөн алып караганда болжол менен 20-25 метр төмөн аралыкта жайгашкан. 

© Канат Болотов Аксуу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусунун жээгинде табылган мамонтко окшогон ири сөөк
Останки, предположительно, мамонта найдены в Ак-Сууйском районе Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Аксуу районундагы Орлиное айылына жакын Жыргалаң суусунун жээгинде табылган мамонтко окшогон ири сөөк

Кулетов учурда жар боорунан чыгып турган мүйүздүн бири абдан жакшы абалда экендигин, ал эми экинчисин жергиликтүү өспүрүмдөр сындырып салгандыгын айтты.

"Бир азуусу чекесинен упурап, жок болуп бара жатат, жарымы эле калды. Экинчиси, абдан жакшы абалда турат. Муну сактап турганга биздин алыбыз келбей жатат. Ага адистер керек экен", — деди ал.

Кулетов табылган сөөктү кайтаруу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылгандыгын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстан-Россия славян университетинин кызматкери, археолог Дмитрий Лужанскийдин айтымында, ысык-көлдүктөр кадимки эле мамонттун сөөгүн тапкан. Болгону, астыңкы жаагы жок.

"Табылган жаныбар анча чоң эмес, бирок, узундугу 2,5 метрге чукул. Буга чейин көлдүн түбүнөн мастодонттордун калдыктары табылган. Албетте, бул тукумдагы жаныбарлар көп кезикпегендиктен, мындай табылга өлкө үчүн уникалдуу болуп турат", — деди окумуштуу. 

Ал  Ысык-Көл аймагынан буга чейин беш жыл илгери мамонттун калдыктары табылганын билдирди. 

"Мен палеонтолог болбосом да, бул райондо аталган түрдөгү жаныбарлар табылгандыгын айта алам. Ал маалыматтарды эч ким жарыялаган эмес. Мамонттун сөөктөрү табылгандыгын тастыктаган сүрөттөр бар", — деди Лужанский.

Окумуштуу ал дагы капысынан эле табылгандыгын билдирди.

Лужанский жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен мындай табылгаларды археологдорсуз жана  палеонтологдорсуз казгандар административдик же кылмыш жазасына тартылышы мүмкүндүгүн кошумчалады.    

Окумуштуу ысык-көлдүктөрдү табылгага дыкаттык менен мамиле жасап, аны жеке тараптарга сатып жибербөөгө чакырды. Ал мамонттун калдыктарынын табылышы Кыргызстандын илимий чөйрөсү үчүн абдан маанилүү окуя экендигин кошумчалады.

"Көлдүк мамонттун" сөөгүн милиция кайтара баштады
Айрым маалымат булактарына ылайык, буга чейин да 1958-жылы Пржевальск шаарына жакын жайгашкан Жыргалаң суусунун жээгинен мамонттун азуу тиши жана баш сөөгү табылган.

Дагы бир катар окумуштуу-биологдун пикиринде, жогорудагы сүрөттөр мамонттун эмес, мастодонттун сөөгү болушу мүмкүн. 

Мамонтторго салыштырмалуу мастодонттордун денеси жана буттары кыска келет. Бул жаныбарлар алгач ирет Африкада болжол менен мындан 35 млн. жыл мурда кездешкен. Андан соң Европа, Азия, Америкага тараган. Окумуштуулардын айтымында, мастодонттор тукуму мындан 10 000 жыл мурда курут болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0