Көлдө мамонтко окшош жандыктын сөөгүн тапкан тургундар акчалай сыйланмай болду

© Канат Болотов Ак-Суу районунда мамонттукуна окшош жандыктын баш сөөгү
Ак-Суу районунда мамонттукуна окшош жандыктын баш сөөгү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, анын тапшырмасы менен кечээтен баштап сөөктү милиция кызматкерлери кайтара башташты.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда мамонттукуна окшош жандыктын баш сөөгүн таап алган жергиликтүү тургундар сыйлана турганын өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Аскат Акибаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Гадюка жыланы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда табылган жылан National Geographic журналынын биринчи бетине чыкты
Мындан эки күн мурун жергиликтүү тургундар жардын боорунан мамонттукуна окшогон ири сөөктү табышкан. Ал бир ай мурун табылып, бирок ага маани беришкен эмес. Сөөктү тапкан Эрмек Кулетов азырынча анын абалы жакшы экенин, бирок бир мүйүзү четинен упурап баратканын билдирип, ага мамлекеттик деңгээлдеги көзөмөл зарыл болуп турганын белгилеген.

Акибаев табылганы биринчилерден болуп аныктаган тургундарга диплом жана акчалай сыйлык бериле турганын белгиледи. 

"Сыйлык баалуу табылгаларга ээ болгон адамдарга стимул берүү максатында уюштурулду. Мындан тышкары, кийин мындай нерселерди тапкандар ага кандай мамиле жасарын билиши керек", — деди өкүл.

Облус башчысы бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, анын тапшырмасы менен кечээтен баштап сөөктү милиция кызматкерлери кайтара башташты.

Көлдүктөр мамонтко окшош жандыктын сөөгүн кандайча табышканын Sputnik видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0