Таласта оорулуу балдарды Германияда дарылоо үчүн тандоо башталды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКапельница. Архивное фото
Капельница. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарды тандоо Friedensdorf International кайрымдуулук уюму, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлери тарабынан жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Таласта оорулуу балдарды Германияда дарылоо үчүн тандоо башталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Үй-бүлөлүк медицина борборунда бүгүн башталуучу Кыргызстан-Friedensdorf International-2016 тандоо акциясы төртүнчү ирет өтүп, эртең соңуна чыгат. 

Электрондук терминал ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Электрондук саламаттык сактоо программасын бекитти
Мында басым аз камсыз үй-бүлөнүн бир жаштан 11 жашка чейинки балдарына басым жасалат. Германиядан дарылануу үчүн тубаса табарсык оорусуна туш болгон, сөөктөрү өспөй калган, күйүктөн жапа чеккен, сөөктөрдүн туура эмес өсүшүнөн жабыр тарткан, Гиршпруен илдетине тушуккан, эписпадия жана гипоспадия, органдардын артрезиясы, тубаса катаракта менен жабыркаган наристелер жөнөтүлөт.

Балдарды тандоо Friedensdorf International кайрымдуулук уюму, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлери тарабынан жүргүзүлөт.

Фонд документтерди 2015-жылдын октябрь айынан 2016-жылдын 10-мартына чейин жыйнаган. Талас шаары менен облустун төрт районунан дарыланууга муктаж 360 баланын ичинен 174тү чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0