Башталгыч класстын мугалимдери окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүүдө

Жазылуу
Иш-чара билим берүү тармагындагы реформадан улам уюштурулууда. Ага 10 миңге чукул башталгыч класстын мугалими менен 1500 директорлордун орун басарлары катышмакчы.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Билим берүү системасындагы реформалоонун алкагында башталгыч класстын мугалимдери жаңы стандарттарды өздөштүрө баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Монеталар жана идиш-аяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: Тамак-аш департаментинин жоюлушу көп пайда алып келди
Маалыматка ылайык, окутуучулар үчүн тренингдер бүгүн башталып, Бишкек шаары менен Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында 18-мартка чейин уланмакчы.

Ал эми 20-марттан баштап Ош шаары менен Ош жана Баткен облустарында өтсө, Чүй облусунун мугалимдери үчүн окуулар 15-19-март күндөрүнө белгиленген.

Тренинг жүрүшүндө катышуучулар жаңыланган нормалар менен таанышып, окуу-методикалык комплексти пайдалануунун ыкмалары сунушталат. Жалпы жонунан аталган иш-чарага 10 миңге чукул башталгыч класстын мугалими менен 1500 директорлордун орун басарлары катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0