Таласта 1980-жылдары табылган мамонттун азуу тиши Кара-Буурадагы мектепте сакталуу

© Туголбай БайтанаевМузей средней школы имени Мейлибека Орозбекова в селе Кызыл-Адыр Таласской области
Музей средней школы имени Мейлибека Орозбекова в селе Кызыл-Адыр Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалуу табылга облус аймагынан 1980-жылдары табылган. Учурда айылдагы мектептин музейинде сакталып турат. Анын узундугу бир метрдей, калыңдыгы бир карышка жетет.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунун аймагында 1980-жылдары мамонттун азуу тиши табылган. Ал бүгүнкү күнү райондогу Кызыл-Адыр айылындагы Мейлибек Орозбеков атындагы орто мектептин музейинде сакталып турат. Бул тууралуу музейдин директору Бегайым Байтанаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 10-мартта Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын азуу тишин табышкан

© Туголбай БайтанаевТалас облусунун Кара-Буура районунун аймагында 1980-жылдары мамонттун азуу тиши табылган.
1/2
Талас облусунун Кара-Буура районунун аймагында 1980-жылдары мамонттун азуу тиши табылган.
© Туголбай БайтанаевАл бүгүнкү күнү райондогу Кызыл-Адыр айылындагы Мейлибек Орозбеков атындагы орто мектептин музейинде сакталып турат.
2/2
Ал бүгүнкү күнү райондогу Кызыл-Адыр айылындагы Мейлибек Орозбеков атындагы орто мектептин музейинде сакталып турат.
1/2
Талас облусунун Кара-Буура районунун аймагында 1980-жылдары мамонттун азуу тиши табылган.
2/2
Ал бүгүнкү күнү райондогу Кызыл-Адыр айылындагы Мейлибек Орозбеков атындагы орто мектептин музейинде сакталып турат.

Байтанаеванын айтымында, мамонттун азуу тиши деле кокусунан табылган.

"Кара-Буурадагы Талас суусунун жээгин кыян каптап, ал бир нече жерди алып кеткен. Ураган жерден тургундар ташка окшош ак нерсени байкашкан. Кийин аны казып алышкан. Ошондон бери ал гипстелип, мектептин музейинде сакталып турат. Мен бул музейди 20 жылдан бери башкарып келе жатам", — дейт ал.

Көлдүктөр мамонтко окшош жандыктын сөөгүн кандайча табышканын айтып беришти
Мамонттун азуу тиши делген сөөктүн узундугу бир метрдей, жоондугу бир карыштай экенин Байтанаева кошумчалады.

Бул сейрек кездешкен экспонатты учурунда айрым жетекчилер алып кетүүгө аракет кылганын бирок, аларга каршылык көрсөтүп эптеп сактап калганын мектеп музейинин директору баса белгиледи. Бүгүнкү күнү Талас өрөөнүнө келген туристтер дал ушул мамонттун азуу тишин көрүү үчүн келет экен.

"Бул музей айрым туристтик фирмалардын маршрутуна киргизилген. Жайында туристтер көп келишет. Италиядан, Франциядан келген туристтер буга абдан кызыгышат. Туристтердин башка чет элдик жана жергиликтүү окумуштуулар келип изилдеп кетишти. Мурдагы жылдары Россиядагы университеттин окумуштуулары келишкен. Андан сырткары Кыргызстандын да тарыхчы окумуштуулары келип кетип турушат", — дейт ал.

Белгилей кетсек, окумуштуулар Кыргызстандын аймагынан байыркы динозаврлардын, үлүлдөрдүн, акыра (жираф), керик (носорог) жана акуланын сөөктөрүнүн калдыктарын табышкан

Жаңылыктар түрмөгү
0