Бишкек дагы бир жаңы бала бакча менен толукталууда

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакчанын тарбиялануучусу. Архив
Бала бакчанын тарбиялануучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын "Көк-Жар" жаңы конушунда салынып жаткан бала бакча 280 баланы кабыл алууга даярданып жатат. Бул Октябрь районундагы эң ири бала бакча болуп калмакчы.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Бишкектин "Көк-Жар" жаңы конушунда салынып жаткан бала бакчанын курулушун шаардын вице-мэрлери менен Октябрь районунун акими текшерип чыгышты. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, №182 бала бакча шаардык бюджеттин эсебинен курулууда. Учурда имарат салынып бүтүп, аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Мекеме эмерек менен толук камсыздалып, жаңы жабдуулар орнотулду.

280 орундуу бала бакча Октябрь районундагы эң ири мектепке чейинки билим берүү мекемеси болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0