Москвадагы өрттөн каза болгондордун жакындарына 10 миң сомдон жардам берилди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүӨрт болгон жердеги өрт өчүрүү кызматы. Архив
Өрт болгон жердеги өрт өчүрүү кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын 30-январында Москва шаарындагы тигүү цехинде өрт чыгып 12 киши каза болгон. Анын ичинен сегизи Баткен облусунун тургундары болушкан.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Москва шаарында өрттөн каза болгон КР жарандарынын жакын туугандарына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 10 миң сомдон жардам берди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 30-январда Москва шаарында тигүү цехинде өрт чыгып 12 киши каза болгон. Анын ичинен сегизи КРдеги Баткен облусунун Кызыл-Бел, Кара-Булак, Таян жана Кайыңды айылынын тургундары болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0