ИИМдин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кызматкерлер жумушчуларга мыйзамсыз кошумча акча төлөп келишкен. Мындан улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин алдындагы мамлекеттик атайылаштырылган башкармалыктын күзөт бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Сейфдеги акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салыкчынын мыйзамсыз иши өлкөнү 500 млн. сомдон куру жалак калтырды
Маалыматка ылайык, Ленин райондук башкармалыктын тийиштүү кызматкерлери жумушчулардын айлык акысына мыйзамсыз кошумча акча төлөп келген. Мындан улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Аталган кызматкерлерге карата Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0