Онкологиялык оорулууларга акысыз кызмат көрсөтүүгө чектөө киргизилет

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудницы больницы. Архивное фото
Сотрудницы больницы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онкологиялык оорулууларды дарылоого бюджеттен 120 миллион сом каралган. Андан тышкары, кайрымдуулук уюмдарынан да кошумча каражат түшүп, жалпысынан 200 миллион сомдой акча топтолот.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Онкологиялык оорулууларга акысыз кызмат көрсөтүүгө чектөө киргизген мыйзам долбоору парламентте каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Улуттук онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргендей, өкмөт акысыз медициналык кызмат жана жарым-жартылай жардам ала турган калктын категориясын аныктайт.

"Мыйзамга ылайык, онкологиялык оорулууларга мамлекеттик бюджеттен 2 475 сом бөлүнөт. Ал эми мындай бейтаптарга 22 миң 500 сом керектелет. Андыктан аталган каражат жетишсиз болуп, мыйзам иштечү эмес. Маселени оң жагына чечүү мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык кеткен каражаттын бир бөлүгүн оорулуу, калган бөлүгүн мамлекет төлөйт. Ал эми оор абалдагыларга акысыз жардам көрсөтүлөт", — дейт Султангазиева.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев онкологиялык ооруларды дарылоого бюджеттен 120 миллион сом каражат караларын белгиледи. Андан тышкары, кайрымдуулук уюмдарынан да кошумча каражат түшүп, жалпысынан 200 миллион сомдой акча топтолорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0