Кажы-Сай айылында оорукананын чатыры алмашып, ремонттон өттү

© Sputnik / Юрий Иващенко / Медиабанкка өтүүРемонт иштери. Архив
Ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп жылдан ремонт иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, имараттын чатыры эскирип жаан жааган сайын кооптуу абал түзүлүп келген.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай айылынын ооруканасында ремонт иштери аяктаганын ПРООН билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери аталган программанын "радиоактивдүү калдыктар сакталган жайга жакын жайгашкан аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында ишке ашты. 

"Оорукана көп жылдан бери биринчи жолу ремонттон өттү. Имараттын кооптуу деп эсептелген чатыры толугу менен алмаштырылып, шыбы оңдолду", — деп айтылат билдирүүдө.

Айылдык оорукана 1947-жылы салынып, алгачкы бейтаптарды кабыл ала баштаган. Анда сегиз орундуу стационар, Үй-бүлөлүк дарыгерлердин тобу, балдар жана терапевттик бөлүмдөр иштейт. Медициналык мекеме жыл сайын 300 бейтапты дарылап чыгарат. Ал эми Кажы-Сай айылында учурда 3500 тургун жашайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0