Россиянын муфтийи Марат Исаевге белек берет

© Sputnik / Алексей ДружининКыргызстандык Марат Исаев. Архив
Кыргызстандык Марат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин 10-март күнү Кремлде РФ президенти Владимир Путин кыргызстандык Марат Исаевге көрсөткөн эрдиги үчүн медаль тапшырган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын муфтияты адамдын өмүрүн сактап калганы үчүн кыргызстандык Марат Исаевге ыраазычылык кат менен баалуу белек берет. Бул тууралуу "Россия для всех" басылмасы РФтин мусулмандар башкармалыгынын маалымат кызматына таянуу менен жазып чыкты.

Салтанаттуу иш-чара бүгүн, жума намазынын алдында болот.

"Марат Исаев өзүн баатырмын деп эсептебейт. Бирок Россиянын мусулмандар башкармылыгы ага ыраазычылык бидирүү чечимине келди. Москванын муфтийи Ильдар-хазрат Аляутдинов Россиянын муфтийи Шейх Равиль Гайнутдиндин атынан ыраазычылык катын жана баалуу белек тапышрат", — дейт Россиянын мусулмандар башкармалыгынын маалымат кызматы. 

Россия президентинин колунан медаль алган Исаев Путинге ыраазычылык билдирди
Буга чейин 10-март күнү Кремлде РФ президенти Владимир Путин кыргызстандык Исаевге көрсөткөн эрдиги үчүн медаль таккан.

Муну менен бирге 18-февраль күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Исаевди сыйлоо салтанаты өткөн. Анда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан кол саат тапшырылып, 100 миң сом берилген. Элчилик да Исаевдин эрдигине баа берип, баалуу белек ыйгарган.

Эске сала кетсек, Москвада иштеп жүргөн Исаев 11-февралда "Красносельская" станциясында эс-учун жоготуп темир жолго кулап түшкөн аялды полиция кызматкери менен сактап калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0