Ооруканадагы дарылануучу. Архив

Рак илдетине чалдыккандарга акысыз жардам көрсөтүү токтотулат. Маселенин күңгөй-тескейи

126
(жаңыланган 20:42 19.03.2016)
Эл өкүлдөрү кыргызстанда акчасы барлардын көпчүлүгү чет жакта дарыланганын айтып, мамлекеттин эсебинин акысыз дарыланып жаткан колунда жокторго оор болот деген пикирде.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 17-март күнү өткөн жыйынында "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. 

Ага ылайык, бардык онкологиялык оорулуу жарандар акысыз дарыланат деген жобо жокко чыгарылды. Демилгечилердин айтымында, сунуштун максаты саламаттыкты сактоо органдарында орун алган коррупциялык жосундарды жоюу болуп саналат.

Мыйзамды Ташполот Балтабаев депутат болуп турганда демилгелеп, Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо боюнча комитети жактырган. Ал эми аны парламенттин отурумуна комитеттин азыркы төрагасы Садык Шер-Нияз алып чыккан. 

Аталган комитеттин мүчөсү, ЖК депутаты Ашэра Халикова Sputnik Кыргызстан агенттигине буга чейин акысыз дарылоо боюнча жакшы натыйжа болбой келгенин айтты.

"Рак илдетине чалдыккандарга мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн акысыз жардамдан майнап чыкпай, учурда алар кыйын кырдаалда турат. Дарылоонун сапатын көтөрүшүбүз керек. Ал үчүн бюджетте акча жок. Маселени туура чечүү үчүн рак илдетине чалдыккандар дарылоого кеткен акчанын кайсы бир бөлүгүн төлөшү керек. Кимдерге акысыз жана жарым-жартылай жардам көрсөтүлөрүн аймактардагы тийиштүү медициналык мекемелер аныктайт", — дейт эл өкүлү.

Улуттук онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева билдиргендей, өкмөткө караштуу медициналык борборлор акысыз медициналык кызмат жана жарым-жартылай жардам ала турган калктын категориясын аныктайт.

"Мыйзамга ылайык, ар бир онкологиялык оорулууга мамлекеттик бюджеттен 2 475 сом бөлүнөт. Ал эми мындай бейтаптарга 22 миң 500 сом керектелет. Андыктан аталган каражат жетишсиз болуп, мыйзам иштечү эмес. Маселени оң жагына чечүү үчүн мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык кеткен каражаттын бир бөлүгүн оорулуу, калган бөлүгүн мамлекет төлөйт. Ал эми оор абалдагыларга акысыз жардам көрсөтүлөт", — дейт Султангазиева.

Көп жылдан бери рак илдети менен күрөшүп, аны жеңген Гулмира Сапиева мыйзам карапайым калкка оорчулук келтирерин белгиледи.

"Оорулуу киши акча таап келип дарыланайын дегиче кыйла убакыт өтөт, ал эми акысыз болсо барып эле жата калат. Бул коррупцияга каршы дегени менен андай эмес. Коррупция токтобойт го. Доктурлар акысыз дарылап жаткан күндө деле тыйын ала беришет. Өзүбүз да көнүп калганбыз, жан айласы үчүн жакшылап кара деп доктурларга, ооруканаларга тыйын беребиз. Мурун бекер экен деп каалаган учурда барып дарыланчубуз. Эми элге кыйын болот", — дейт Сапиева.

Ал кошумчалагандай бул илдеттен арылууга 100 миң сомго чукул тыйын кетет, эгер оор болсо андан да көп коройт.

Эл өкүлү Руслан Казакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине бул мыйзам коррупцияга жол ачышы мүмкүн деген пикирде. 

"Кыргызстанда акчасы барлардын көпчүлүгү чет жакта дарыланат. Мамлекеттин эсебинин акысыз дарыланып жаткан колунда жоктордун тагдыры эмне болот? Мындан сырткары кимге акысыз, кимге жарым-жартылай жардам көрсөтүлөрүн аныктап жаткан ооруканалар коррупцияга барышы толук мүмкүн", — дейт Казакбаев. 

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев ЖК жыйынында онкологиялык ооруларды дарылоого бюджеттен 120 миллион сом каражат караларын белгилеген. Андан тышкары, кайрымдуулук уюмдарынан да кошумча каражат түшүп, жалпысынан 200 миллион сомдой акча топтолорун айткан.

Эске сала кетсек, окумуштуулардын эл аралык тобу бир тамчы кандын жардамы менен адамдын организминде рактын клеткалары бар-жогун дээрлик 100 пайыз так аныктай турган тест ойлоп табышкан. 

Статистика боюнча шишик ооруларынан өлкөдө жылына үч миң жаран каза табат. Адистердин айтымында, рактын эң көп тараган түрлөрү — өпкөнүн, ашказандын, теринин, эмчек безинин жана боордун шишик оорулары.

126
Белгилер:
дарт, дары-дармек, оору, жардам
Тема боюнча
Онкологиялык оорулууларга акысыз кызмат көрсөтүүгө чектөө киргизилет
Ракты жеңген айымдар улуттук кийим-кече кийип, подиумдан басышты