Дүйшөмбиев: Кыргызстан өз БТРлерин өзбектердин техникасынын жанына жайгаштырды

© Sputnik / Улан МаккамбаевБронетранспортер на границе с Узбекистаном в Ала-Букинском районе Джалал-Абадской области
Бронетранспортер на границе с Узбекистаном в Ала-Букинском районе Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чагымчыл аракеттерге жол бербөө үчүн жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын чек ара кызматынын башчысы белгиледи.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Чек арага коюлган Өзбекстандын аскер техникаларынын каршысына Кыргызстандын эки БТРи коюлганын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөмбиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

БТР жана аскерлер. 19-марттагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал
Белгилей кетсек, 18-мартта өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунундагы Кыргызстан менен такталбаган чек арасына зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунаа коюшкан. Ушул эле күнү Өзбекстан тарап бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү жайын жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген. КРдин Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга чек арадагы блок-постторду алуу боюнча нота жөнөткөн

"Жергиликтүү тургундар арасында чагымчылдардын тузагына илинбөө үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жашоочулар аталган аймактан өтүп жатат, топтошуп чогулган кишилер жок. Болгону эки мамлекеттин чек арачылары гана турат", — дейт Дүйшөмбиев.

Ал ошондой эле, аймакта абал туруктуу экенин айтып, эки тараптын 20дан аскери турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0