Ростов-на-Донуда каза болгон КР жаранын таануу үчүн апасы менен сиңдиси барат

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүРоссиянын Ростов-на-Донудагы аэропортунда кырсыкка учураган учактын сыныктары.
Россиянын Ростов-на-Донудагы аэропортунда кырсыкка учураган учактын сыныктары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон КР жараны Жылдыз Насирдинованын дос кызынын айтымында, авиакомпаниянын өкүлдөрү кырсык тууралуу анын жакындарына кабар берип, билеттерди алып берди.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россиянын Ростов-на-Донудагы аэропортунда болгон авиакырсыктан каза болгон кыргызстандык Жылдыз Насирдинованын сөөгүн таануу үчүн апасы менен сиңдиси бара турганын анын дос кызы Эльвира Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, авиакомпаниянын өкүлдөрү кырсык боюнча туугандарына кабар берип, аларга билеттерди алып берди. Насирдинованын байкеси Дубайга келсе, сиңдиси менен апасы сөөктү таануу үчүн Ростов-на-Донуга учат. 

"Мен Жылдыз менен жакшы дос болчумун. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша Дубайда жолугуп турчубуз. Менин билишимче ал үч жыл мурда Бишкектеги китеп дүкөндөрдүн биринде иштечү. 2011-жылы Emirates Airline авиакомпаниясында ишке кирип, кийин Fly Dubai компаниясына өткөн", — деди Мамбетова.

Ал 27 жаштагы Жылдыз Насирдинова Нарында төрөлгөнүн белгиледи. Жусуп Баласагын атындагы университеттин экономика жана финансы факультетин аяктаган. 

Мамбетова Насирдинова менен чогуу жашаган кызды табышканын кошумчалады.

"Ал кыз да стюардесса болуп иштейт экен, ал да рейстен жаңы эле келгенин айтты. Ал Жылдыздын буюмдарын чогултуп Fly Dubai авиакомпаниясына жиберет. Алар болсо аны Кыргызстанга жөнөтүшөт", — деди ал.

Жылдыз Насирдинованын агасы Максат карындашы беш жылдан бери Араб Эмиратында жашап, иштеп келгенин айтты.

"Ал турмушка чыга элек эле", — дейт оор үшкүргөн агасы.

Белгилей кетсек, 19-мартта Бишкек убактысы боюнча 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на-Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып кулап, 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү каза болгон.

Учак кулап түшкөн жерден тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөт баянынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0