Чек ара кызматы: кыргыз-өзбек чек арасында абал өзгөрүүсүз

© ФотоЧек ара зымы. Архив
Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күн мурун Өзбекстан чек арага аскер техникасын алып келген. Учурда жарандар Кербен — Ала-Бука трассасы боюнча ээн-эркин өтүүдө.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасында абал өзгөрүүсүз экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арадагы бардык өткөрүү пунктунан 18-марттан бери бир тараптуу жабык турат. Көзөмөл өткөрүү жайлары үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн ачык экени белгилүү болду. Учурда Сох жана Шахимардан анклавдарынын жашоочулары Өзбекстандын аймагына кирүүсү үчүн “Кызыл-Кыя” өткөрүү пункту иштеп жатат.

“Абал ошол эле бойдон. Кыргызстандын жарандары Кербен — Ала-Бука унаа жолу менен эркин эле жүрүүдө. Эки тараптын аскер техникасы чек арада турат”, — деп айтылат билдирүүдө.

БТР жана аскерлер. 19-марттагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал
Жума күнү, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өзбекстандык аскерлер кыргыз-өзбек чек арасына эки зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келип, бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамынын алдындагы коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн.

Өз кезегинде Кыргызстан да эки БТР жайгаштырган.

Ошол эле күнү КР Тышкы иштер министрлиги Жалал-Абаддагы Кербен — Ала-Бука жолунун жабылышына байланыштуу каршылык нотасын тапшырып, блок-постторду тез аранын ичинде ачууну талап кылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0