Каза болгон кыргызстандык стюардессанын туугандары анын сөөгүн таануу үчүн Москвага келишти

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүРостов-на Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы кулап түшкөн жайында сактоочулар.
Ростов-на Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы кулап түшкөн жайында сактоочулар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Жылдыз Насирдинова Flydubai авиакомапниясында беш жылдан бери иштеп келген. Ал 19-март күнү кыйроого учураган Boeing 737-800 учагындагы экипаждын курамында болчу.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Учак кыйраганда каза болгон кыргызстандык стюардесса Жылдыз Насирдинованын туугандары анын сөөгүн таануу үчүн Москвага келип, бүгүн эртең менен КР вице-консулунун коштоосунда кырсык болгон Ростов-на-Дону шаарына жөнөп кетишти. Бул тууралуу КР ТИМнин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

28 жаштагы Насирдинова Flydubai авиакомапаниясында беш жылдан бери иштеп, Boeing 737-800 учагындагы экипаждын курамында болчу.

“Сөөктү таанууга Жылдыз Насирдинованын атасынын бир тууганы менен өзүнүн агасы келди. Учурда алар вице-консулдун коштоосунда Ростовго карай жолдо бара жатышат. Ал жактан дароо аэропортто иштеп жаткан штабга барып, авиакомпаниянын өкүлдөрү менен жолугушат”, — деди Сүйөркулов.

Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Авиа кырсыктардан каза тапкан кыргызстандыктар
Кечээ, 19-мартта Бишкек убактысы боюнча 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып, начар аба ырайынан улам кулап түшкөн. Кырсыктан учактагы 62 жаран каза тапкан. Алардын арасында, кыргызстандык стюардесса Жылдыз Насирдинова бар экени маалым болгон

Fly Dubai авиакомпаниясы 2009-жылы Дубайдын өкмөтү тарабынан негизделген. Учактары 90 багытка, анын ичинен Бишкекке да каттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0