Boeing учагынын сыныктарын издөө 15 миң чарчы метр аймакта жургүзүлүүдө

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүРостов-на-Дону шаарында кыйроого учураган Boeing учагынын сыныктары изделген аймак
Ростов-на-Дону шаарында кыйроого учураган Boeing учагынын сыныктары изделген аймак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сутканын ичинде куткаруучулар каза болгондордун 200гө чукул фрагменттерин табышкан, учурда анын баары экспертизага жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ростов-на-Дону шаарында кыйроого учураган Boeing учагынын сыныктары изделген аймактын аянты кеңейгенин Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Каза болгон кыргызстандык стюардессанын туугандары анын сөөгүн таануу үчүн Москвага келишти
Маалыматка ылайык, буга 11 миң чарчы метр аймак иликтөөгө алынганы айтылса, азыр Эл аралык авиация комитети жана Тергөө комитетинин өтүнүчү менен анын көлөмү 15 гектарга чейин кеңейтилгени белгилүү болду. 

Бир сутканын ичинде куткаруучулар каза болгондордун 200гө чукул фрагменттерин табышкан, учурда анын баары экспертизага жөнөтүлдү. Мындан тышкары, аймактан табылган “кара ящиктер” ӨКМ борту менен Москвага алып келинген.

Ишембиге караган түнү Дубайдан келе жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында кыйроого учураган. ӨКМнын маалыматына ылайык, кырсыктан 62 адам — 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү көз жумган. Алардын арасында Кыргызстандын жараны, аталган компанияда беш жылдан бери иштеп келе жаткан 28 жаштагы Жылдыз Насирдинова да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0