Аксылыктар кыргыз-өзбек чек арасында турган жоокерлерге тамак-аш жеткирүүдө

© SputnikКыргызстандык чек арачылар. Архив
Кыргызстандык чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагында абал тынч экендигин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Аксы районунун тургундары Чаласарт аймагында чек араны көзөмөлдөп турган кыргыз аскерлерин тамак-аш менен камсыздап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине активист Шекербек Камчыбек уулу билдирди. 

Анын айтымынд,а ыктыярдуу топ атайын каражат чогулткан. 

"Аксы районун атуулдары тарабынан азыраак акча чогулду. Ага азык-түлүк, тамеки жана башка керектүү нерселер алынып, чек арачыларга алпарып бердик", — дейт Шекербек Камчыбек уулу. 

Эске сала кетсе,к Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагында абал тынч экендигин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген.

Учурда аталган аймакта эки өлкөнүн тиешелүү тараптары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 

Кыргызстандын чек арачысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы: Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болгон жок
18-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өзбекстандык аскерлер кыргыз-өзбек чек арасына эки зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келип, бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамынын алдындагы коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн.

Өз кезегинде Кыргызстан да эки БТР жайгаштырган.

Ошол эле күнү КР Тышкы иштер министрлиги Жалал-Абаддагы Кербен — Ала-Бука жолунун жабылышына байланыштуу каршылык нотасын тапшырып, блок постторду тез аранын ичинде ачууну талап кылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0