Нарында чейрек кылымдан бери биринчи жолу 5 кабаттуу үй курулат

Жазылуу
Турак-жайдын курулушуна каражаттын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бөлөт. Үй алгач мугалимдерге, медик жана социалдык кызматкерлерге ипотекага берилмекчи.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Нарын шаарында акыркы 25 жылдан бери биринчи жолу беш кабаттуу турак-жай салына турганын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Скворечники. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Мээ катырган миллиондук эсеп же мамлекеттик ипотека менен алынган үйдүн баасы канча
Маалыматка ылайык, өткөн жума күнү облустагы өкүл Аманбай Кайыпов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун административдик кызматынын жетекчиси Максатбек Сазыкулов менен жолугуп, Нарын калаасында жеткиликтүү үй салуу маселеси талкууланды.

Тараптар турак-жай үчүн бөлүнгөн аймакты көрүп, анын электр энергиясына, сууга, канализация жана жылуулукка кошулуу мүмкүнчүлүгүн аныкташты. 

Сазыкулов фонд тарабынан өлкөнүн жети шаарына турак-жай куруу үчүн каражат бөлүнүп жатканын кабарлады. Анын айтымында, учурда тендерге катышуучулардан арыздар келип түшүүдө. Фонддун өкүлү тендерден кийин апрелде Нарын шаарында эконом-класстагы беш кабаттуу үйдүн курулушу башталарын билдирди.

Өз кезегинде Кайыпов турак-жайдагы 60 батир мугалимдерге, медиктерге жана социалдык кызматкерлерге ипотекага берилерин белгиледи. Анын айтымында, учурда калаага көп кабаттуу дагы бир үй куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0