“Кыргыз шырдагы” китеби жарык көрдү

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Шырдакта отурган кыз. Архив
Шырдакта отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын көөнө буюмдары ала кийиз менен шырдак жасоо өнөрү мындан төрт жыл мурун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкекте жаңы басылып чыккан “Кыргыз шырдагы” китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу китеп чыгаруунун демилгечиси, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча эксперт Динара Чочунбаева билдирди.

Анын айтымында, 360 беттен турган түстүү китеп кылымдарды карыткан кыргыз шырдагы жөнүндө калктын калың катмарына кеңири баяндоо менен кыргыз элинин улуу маданий мурасын дүйнөлүк коомчулукка жеткирүү максатын көздөп үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) басылып чыкты.

"Китепке кирген материалдардын көпчүлүгү 1980-жылдардан берки, анын ичинде 2009-2011 жылдарында Кристенсен фондусу каржылаган долбоордун негизинде уюштурулган изилдөөлөрдүн учурунда чогултулган. Шырдак өнөрүнүн көркөмдүгү менен баалулугун, кооздугу менен көп түрдүүлүгүн терең ачып көрсөтүү үчүн, китептин үстүндө иштөөгө ар кыл кесиптин ээлери тартылды", — дейт кол өнөрчү.

Кийиз кантип жасалат же ала кийиздин билек жооруткан түйшүгү
Китепи Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын макулдугу, коомдук ишмер Карганбек Самаковдун демөөрчүлүгү менен Орто Азиянын кол өнөрчүлөрүн колдоо Ассоциациясынын Кыргызстандагы ресурстук борбору — CACSARC-kg коомдук фондусу тарабынан басылды.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын декабрь айында ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында Материалдык эмес маданий мурас боюнча өткөрүлгөн мамлекеттер аралык комитетинин 7-сессиясында ала кийиз жана шырдак жасоо боюнча кыргыз элинин салттуу өнөрү ЮНЕСКОнун жоголуп кетүүгө дуушар болуп жана тез арада сактоого муктаж болуп турган баалуулуктар тизмесине киргизилген.

Кыргызстандын маданий мурастары менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0