Атамбаев: Нооруз — "өмүрдүн маңызы эмнеде" деген суроого жооп издей турган учур

Жазылуу
Мамлекет башчы Нооруз Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына туш келгендигин белгиледи.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, өмүрдүн маңызы эмнеде деген суроого жооп издей турган учур келгендигин билдирди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

"Бул күн — түгөнбөс түйшүктөрдөн бир саам эсибизди жыйып, "өмүрдүн маңызы эмнеде?" деген суроого жооп издей турган учур", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Нооруз — тарых сыяктуу эле узак жана терең, ал — табият менен адам тирилигинин ажырагыс символу, улуу тилектер менен үмүттөрдүн ширелишкен майрамы. 

Мамлекет башчы быйылкы Нооруздун Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына туш келгени менен өзгөчө экендигине токтолгон.

"Мээнеттен күчтүү дарман жок, мезгилден күчтүү балбан жок" деп "Манаста" айтылгандай, бул кыска аралыкта кыргызстандыктар кылымга тете процесстерди башынан кечирип, эли да, коому да, мамлекети да таанылгыс өзгөрдү", — деп белгиледи президент. 

Бүгүн Нооруз майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында белгиленип, улуттук ар кыл оюндар менен коштолот. 

Ноорузга карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чаралардын программасы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0