Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда табылган мамонтко окшош жандык

Окумуштуулар "көлдүк мамонттун" азуу тиши менен баш сөөгүн казып чыгарышты

383
(жаңыланган 12:59 21.03.2016)
Байыркы жаныбардын калдыктары табылган жерде иштеп жаткан окумуштуулар тобу бүгүн-эртең казуу иштерин бүтүрүшөт.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстандын окумуштуулары "көлдүк мамонттун" азуу тишин баш сөөгү менен казып чыгарышты. 

Анын лабораториялык изилдөө иштери Бишкекте жүргүзүлөт, деп сөөктү казуу иштерин жүргүзгөн топтун жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Кадича Ташбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

  • Кыргызстандын окумуштуулары көлдүк мамонттун азуу тишин баш сөөгү менен казып чыгарышты.
    Кыргызстандын окумуштуулары "көлдүк мамонттун" азуу тишин баш сөөгү менен казып чыгарышты.
    Канат Болотов
  • Анын лабораториялык изилдөө иштери Бишкекте жүргүзүлөт.
    Анын лабораториялык изилдөө иштери Бишкекте жүргүзүлөт.
    Канат Болотов
  • Окумуштуулардын тобу байыркы жаныбардын калдыктарын казуу иштерин бүгүн-эртең аяктайт.
    Окумуштуулардын тобу байыркы жаныбардын калдыктарын казуу иштерин бүгүн-эртең аяктайт.
    Канат Болотов
1 / 3
Канат Болотов
Кыргызстандын окумуштуулары "көлдүк мамонттун" азуу тишин баш сөөгү менен казып чыгарышты.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 10-мартта Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын азуу тишин тапкан

Ученые откопали череп с бивнями доисторического животного, похожего на мамонта, найденного в Иссык-Кульской области
Канат Болотов
Раскопки доисторического животного, похожего на мамонта, найденного в Иссык-Кульской области

Ташбаеванын айтымында, окумуштуулардын тобу байыркы жаныбардын калдыктарын казуу иштерин бүгүн-эртең аяктайт. 

"Лабораториялык анализдерден кийин ал кайсы жаныбарга таандык экенин, канчанчы жылдары жашаганы так билинет. Анализди Бишкектен жасайбыз", — дейт ал.

Топтун мүчөлөрү байыркы жаныбардын сөөгү табылган жердин чеке-белин да изилдеп, анализдерди алып жатканын Ташбаева кошумчалады. Азырынча азуу тиш жана баш сөөгүнөн башка эч нерсе табыла элек.

383
Белгилер:
мастодонт, тарых, мамонт, Кадича Ташбаева, Кыргызстан
Тема:
Көлдө мамонтко окшош жандыктын баш сөөгү табылды (21)
Тема боюнча
Ысык-Көлдүктөр мамонттун сөөгүн тапкандыгына ишенип турушат
"Көлдүк мамонтту" изилдөөчү топ казуу иштерин жүргүзүп жатат
Таласта 1980-жылдары табылган мамонттун азуу тиши Кара-Буурадагы мектепте сакталуу