Нарын: авиакырсыктан каза болгон Насирдинованын туугандарына облус жетекчилиги көңүл айтты

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКаза болгондордун элесине коюлган гүлдөр
Каза болгондордун элесине коюлган гүлдөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-мартта Ростов-на-Дону шаарында FlyDubai компаниясынын Boeing 737-800 учагы кулап, анда стюардесса болуп иштеген кыргызстандык Жылдыз Насирдинова да каза болгон.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен шаар мэри Рахат Адиев Россиянын Ростов-на-Дону шаарындагы авиакырсыктан каза болгон Жылдыз Насирдинованын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Дубайдан келе жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында кыйроого учурагандарга гүл коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
FlyDubai: каза болгон стюардессанын үй-бүлөсүнө 20 миң доллар компенсация төлөнөт
Ишембиге караган түнү Дубайдан келе жаткан FlyDubai компаниясынын Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында кулаган. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктан 62 адам — 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү көз жумган. Алардын арасында Кыргызстандын жараны, аталган компанияда беш жылдан бери иштеп келе жаткан 28 жаштагы Жылдыз Насирдинова да болгон.

Маалыматка ылайык, шаар мэри 19-мартта Жылдыз Насирдинованын туугандарына барып көңүл айтса, 20 мартта өкмөттүн облустагы өкүлү барып көз көрсөткөн.

"Азырынча маркумдун жакындарына кандай жардам берилери такталууда. Жакын арада ал да чечилет", — деп маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Насирдинованын жакындары сөөктү таануу үчүн Россияга учуп кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0