Кадыр Маликовго кол салууга шектелгендердин бири Бишкекке алып келинип, камакка алынды

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүЭшикти бекитип жаткан абак кызматкери. Архив
Эшикти бекитип жаткан абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү дагы бир жаранды Кыргызстанга алып келүү боюнча маселе учурда талкууланып жатат.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Белгилүү дин таануучу Кадыр Маликовго кол салууга шектелген жарандардын бири Түркиядан Бишкекке алып келингенин ИИМ билдирди.

Эскерте кетсек, былтыр 26 —ноябрь күнү "Асанбай" кичи районундагы супермаркеттин жанынан аалым Кадыр Маликовго кол салуу болуп, анын натыйжасында теолог катуу жарадар болгон.

Кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин натыйжасында кол салуу "Ислам мамлекети" террористтик тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалганы аныкталган. Эртеси кылмышка Ош облусунун 30 жаштагы тургуну Ырыскул Бейшеналиев менен нарындык 29 жаштагы Тилек уулу Алибек аттуу жарандардын тиешеси бар экени тастыкталган. Аларга таандык унаа Бишкектин "алтын-Ордо" жаңы конушунан табылып, үйлөрүн тинтүү учурунда көптөгөн экстремисттик материал табылган.

Теолог Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маликов: ислам таануучулар кооптонуп маектешүүдөн баш тартып жатышат
Кылмышка шектүүлөр окуядан бир нече саат өткөндөн кийин эле кыргыз-казак чек арасынан өтүп, андан соң Түркияга чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Эки жаранга эл аралык издөө жарыяланып, анын аркасы менен шектүүлөр ноябрдын аягында Түркиянын Газиантеп шаарынан кармалышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 20-мартында Тилек уулу Алибек ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Бишкек шаарына алып келинип, ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Министрликтин маалыматы боюнча экинчи шектүү Ырыскул Бейшеналиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси учурда сүйлөшүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0