"Россия сегодня" Стенин атындагы сынакка арыз кабыл алууну токтотот

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОткрытие выставки "…чтобы знали"
Открытие выставки …чтобы знали - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак беш номинациядан түзүлгөн: "Менин өлкөм", "Дүйнө түсү. Жашоо гармониясы", "Портрет. Биздин замандын баатыры", "Башкы жаңылыктар" жана "Спорт".

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Россиядагы Андрей Стенин атындагы жаш журналисттерге арналган эл аралык фото сынагына эмгектерди кабыл алууну эртең саат 22.00дө токтотот.

Аталган фотожурналистика сынагы эл аралык "Россия сегодня" маалымат агенттиги тарабынан уюштурулуп, ЮНЕСКОнун Россиядагы комиссиясынын колдоосу менен өткөрүлүп жатат. 

Фотожурналист Андрей Стенин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стениндин жаркын элесине арнап "Россия сегодня" альбом чыгарды
Сынак беш номинациядан түзүлгөн: "Менин өлкөм", "Дүйнө түсү. Жашоо гармониясы", "Портрет. Биздин замандын баатыры", "Башкы жаңылыктар" жана "Спорт". 

Учурда сынакка катышуу максатында беш континенттен эки миңге чукул эмгек түштү.

Жеңүүчүлөрдүн аты 2016-жылдын 4-августунда аталат. Сыйлоо аземи жана жеңишке ээ болгон эмгектердин көргөзмөсү 30-августта Мосвкада өтөт.

Калыстар тобунун добушу менен ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. 

Мындан сырткары өзгөчө 500 миң рубль өлчөмүндөгү Гран-при сыйлыгы да тапшырылат.

"Россия сегодня" маалымат агенттигинин кызматкери Андрей Стенин 2014-жылы 6-августта Украинанын түштүк-чыгышында курман болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0