Чек ара кызматкери. Архив

Кербен Ала-Бука жолунда турган өзбек аскерлеринин саны азайды

353
(жаңыланган 14:21 21.03.2016)
Кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу. Жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Кербен — Ала-Бука жолунда турган аскерлердин саны азайтылды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин, учурда ал жерде эки тараптан сегизден аскерлер калтырылды. Буга чейин 20дан аскер турган.

Чек арадагы абал Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөлүндө туруп, алар эл менен да иштеп, жагдайды түшүндүрүп жатышат. 

2016-жылдын 18-мартында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту, 40ка чукул аскерин койгон. Бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген. 

КР Тышкы иштер министрлиги Жалал-Абаддагы Кербен — Ала-Бука жолунун жабылышына байланыштуу каршылык нотасын тапшырып, блок постторду тез аранын ичинде ачууну Өзбекстандан талап кылган. 

Окуянын себеби туурасында өкмөттүн чек аралар боюнча өкүлү маалымат берип, кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу экендигин айткан. Ал тирешүүлөр жакшылыкка алып келбестигин айтып, өзбек тарапты кепке келүүгө чакырган.

353
Белгилер:
Аксы, Ала-Бука району, чыңалуу
Тема:
Өзбекстан КР менен болгон чек арасына БТРлерди жайгаштырды (54)
Тема боюнча
Эксперт кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдын чыңалышынын себебин атады
Сариев чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун камсыздоону тапшырды
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

68
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

68
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот
Балыкчы шаарындагы үйлөр. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

83
19-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жекшемби күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын аймагында +24...+29 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +33...+35 градуска жетет.

83
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Себеби