Местная жительница передает сумолок пограничнику

Кербен Ала-Бука жолундагы чек арачыларга жергиликтүү тургундар сүмөлөк алып барып беришти

903
(жаңыланган 17:31 21.03.2016)
Ала-Бука районунан да көпчүлүк жашоочулар Кыргызстандын чек арачыларынын абалы менен таанышып, аларга дем берүүдө.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Ала-Бука районунун тургундары Кербен — Ала-Бука унаа жолундагы Кыргызстандын чек арачыларына бүгүн Нооруз майрамына карата бышырылган сүмөлөктөн алып барып беришти. Бул туурасында Ала-Бука районунун тургуну Айбек Саматов билдирди.

Ал чек арада турган жоокерлердин бири менен сүйлөшүп, алардын абалын сураган. Жоокер чукул кырдаал түзүлгөндөн бери жергиликтүү эл аталган жерге тамак-аштарын көтөрүп келип, жоокерлердин абалын тынымсыз сурап жатышканын айтып берген. 

"Бизге эл өз балдарындай кам көрүп, майрамга карата тамак-аштарын көтөрүп келишүүдө. Элдин мындай кам көрүүсү биздин мекенге болгон сезимдерди жогорулатууда", — деп чек арачы жоокерлердин биринин айтканын Саматов билдирди. 

Ала-Бука районунан да көпчүлүк жашоочулар чек арачылардын абалы менен таанышып, аларга дем берүүдө. 

Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылынын тургуну Абдулла Мирзаходжаев бүгүн мекен чегиндеги жоокерлерден кабар алганы келген. 

"Бүгүн биздин айылдын тургундары чек арада турган жоокерлерге тамак-аш алып келди. Баарыбыз өлкөбүздүн бүтүндүгүн, тынччылык каалайбыз. Өлкөнүн тынчтыгын сактаган жоокерлерге дем берип, көмөк көрсөтүү биздин жарандык парзыбыз", — дейт Мирзаходжаев.

2016-жылдын 18-мартында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту, 40ка чукул аскерин койгон. Бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген. 

Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин, учурда ал жерде эки тараптан сегизден аскер калтырылды. Буга чейин 20дан аскер турган.

903
Белгилер:
Ала-Бука району, Аксы, Нооруз, Сүмөлөк, чыңалуу
Тема:
Өзбекстан КР менен болгон чек арасына БТРлерди жайгаштырды (54)
Тема боюнча
Кербен — Ала-Бука жолунда турган өзбек аскерлеринин саны азайды
Сариев чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун камсыздоону тапшырды
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

63
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

63
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот
Балыкчы шаарындагы үйлөр. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

79
19-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жекшемби күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын аймагында +24...+29 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +33...+35 градуска жетет.

79
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Себеби