Өзбекстан менен болгон чек арага "Скорпион" отряды чыгып кетти

Жазылуу
Башкы штабдан бул маалыматты тастыктап же жокко чыгарышкан жок. Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы эки тараптан коюлган жоокерлердин саны кыскартылды деген маалымат берилген.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна жакын жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасына Башкы штабдын атайын даярдыктагы аскерлерден түзүлгөн "Скорпион" тобу жөнөтүлдү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине күч түзүмдөрүндөгү булактар маалымдады.

Башкы штаб менен Мамлекеттик Чек ара кызматынан бул маалыматка расмий комментарий берише элек.

Кербен — Ала-Бука жолундагы чек арачыларга жергиликтүү тургундар сүмөлөк алып барып беришти
2016-жылдын 18-мартында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту, 40ка чукул аскерин койгон. Бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген. 

Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин, учурда ал жерде эки тараптан сегизден аскер калтырылды. Буга чейин 20дан аскер турган.

"Скорпион" отряды 1994-жылы КРдин Куралдуу күчтөрүнүн элиталык түзүмү болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0