Ысык-Көлдө жаштарды дебат ыкмасына үйрөтүүчү эл аралык тренинг өтүүдө

© Владислав УшаковЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда Россия, Казакстан, Тажикистан, Өзбекстан, Украина, Эстония жана Кыргызстандын жаштары катышууда.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык дебат академиясынын бешинчи ирет жаштарды дебат ыкмасына үйрөтүүчү тренинги болууда. 

Бишкектик 3 окуучу эл аралык жарыштан алтын баштаган 11 медаль алып келишти
Аталган иш-чара 21-27-март күндөрү болуп, анда Россия, Казакстан, Тажикистан, Өзбекстан, Украина, Эстония жана Кыргызстандын жаштары катышып жатат, деп уюштуруучулар билдирди.

Академиянын максаты — жаштарды эркин ой жүгүртүүгө, лидерлик сапатка үйрөтүү. 

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык дебат академиясы быйыл экинчи ирет тренинг өткөрүп жатат. Ал аталган иш-чараны былтыр да уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0