Бектур Асанов: оппозиция бийликти басып алат деп тараган видео — монтаж

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүБектур Асанов. Архивное фото
Бектур Асанов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетке Улуттук оппозициялык кыймыл бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүп жаткан учуру делген видео тарады.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Оппозиция бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүп жатат деп тараган видео монтаж экенин Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Бектур Асанов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Оппозициянын сүйлөшүүсү" тууралуу аудиону УКМК жана ИИМ текшерип жатат
Белгилей кетсек, 21-мартта интернетке Улуттук оппозициялык кыймыл бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүп жаткан учуру делген видео тараган. Анда оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев жана Бектур Асановдун сүйлөшүп жатат деген учуру жаздырып алынган. Алар бийликти басып алуунун төрт жолун талкуулап, аймактарды кантип көтөрүп чыгуунун жол жобосун, акчаны кандай таратуу тууралуу сүйлөшөт.

Асанов видеодо сүйлөп жаткан киши ал эместигин айтты.

"Видеону көрдүм. Ал жакта Бектур Асанов деп сүйлөп жаткан кишинин үнү меникине такыр окшобойт. Ал монтаж. Видеодо айтылгандай биз бийликти басып алуу жолу менен эмес, мыйзамдуу түрдө кетирүүгө аракет кылабыз. Бул кимдир бирөөнүн эле чагымчыл аракеттери", — деди ал. 

Видеодогу лидерлердин бири делген Кубанычбек Кадыров да тарап кеткен видео монтаж экенин кошумчалады.

"Коркконго кош көрүнөт болуп, муну кимдир бирөөлөр эле жасаган окшойт", — деди ал. 

Кадыров учурда Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү Аксыда экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0