ТИМ: алдын ала маалымат боюнча Брюсселдеги жардыруудан КР жарандары жабыркаган жок

© AFP / MARC GYSENS / BELGAБрюсселдин аэропортунда полиция кызматкерлери. Архив
Брюсселдин аэропортунда полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн түштө Брюсселдин аэропортунда жардыруу болуп, андан 11 киши каза болду. Дагы 20 адамдын жарадар болгону маалымдалган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Брюсселдин аэропортунда болгон жардыруудан жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктардын жок экенин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 13.00дө шаардын аэропортунда жардыруу болуп, андан 11 киши каза болгону айтылган. Мындан тышкары, 20 жүргүнчүнүн жарадан болгону аныкталган.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги жардыруу эки жолу болгонун тастыктады. Жүргүнчүлөр эвакуацияланып, аэропорт менен темир жолдун ортосундагы байланыш токтотулду.

Айрым маалымат каражаттары жардыруу теракт экенин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0