Брюсселдеги жардыруудан кийин Кыргызстандын аэропортторунда күчөтүлгөн режим киргизилди

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропортто текшерүү жайы. Архив
Аэропортто текшерүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кадам бүгүн саат 13.00дө Бельгиянын борбор калаасынын аэропорту менен метросунун эки станциясында жардыруу болуп, бир нече бомба табылган соң коопсуздукту сактоо максатында көрүлүүдө.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстан боюнча бардык аэропорттордо күчөтүлгөн режим киргизилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди. 

Бул кадам бүгүн саат 13.00дө Бельгиянын борбор калаасынын аэропорту менен эки метросунда төрт жардыруу болуп, бир нече бомба табылган соң коопсуздукту сактоо максатында көрүлүүдө. 

"Жүргүнчүлөрдү текшерүү күчөтүлөт. Коопсуздук чаралары бекемделет", — деп билдирет маалымат кызмат. 

Брюсселдин аэропортундагы жардырууну жан кечти ишке ашырган
Эске сала кетсек, бүгүн саат түштө Бельгиянын борбор калаасынын аэропорту менен эки метросунда төрт ирет жардыруу болуп, андан каза болгондордун саны 27 кишиге жетти. Дагы 35 адамдын жарадар болгону айтылууда.

Аэропорттон дагы бир нече бомба табылганы белгилүү болду. Өлкө бийлиги жардырууларды расмий түрдө теракт деп тааныды. 

Кыргызстандын ТИМи аэропорттогу жардыруудан алдын ала маалыматтар боюнча КР жарандары жабыр тарткан жок деп билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0