Авиакырсыктан көз жумган Насирдинованы таанууга келгендерге мекендештер жардам берүүдө

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүFly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагында учуп келгендерге гүл коюу. Архив
Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагында учуп келгендерге гүл коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на-Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып кулап, 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү каза болгон. Анын арасында 1988-жылы туулган Кыргызстандын жараны Жылдыз Насирдинова да болгон.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Авиакырсыктан каза болгон Жылдыз Насирдинованын сөөгүн таануу үчүн келген байкеси менен атасынын инисине Ростов-на-Дону шаарындагы кыргызстандыктар колунан келген жардамын берүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан — үй" Ростов шаардык кыргыз улуттук маданий автономиясынын президенти Курманбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 19-мартта Бишкек убактысы боюнча 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на-Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы кулап, 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү каза болгон. Анын арасында 1988-жылы туулган Кыргызстандын жараны Жылдыз Насирдинова да болгон.

Абдылдаев сөөктү таануу үчүн келген Насирдинованын жакындарын тосуп алган.

"Жылдыздын Максат деген байкесин жана атасынын инисин тосуп алып, индентификацияга алып бардым. Бул жакта эң аз дегенде эки жума болушат. Себеби, ДНКнын анализдери ушунча убакытта чыгат экен", — деди ал.

Учурда Кыргызстандан баргандардын бир жумалык жаткан жерин Fly Dubai компаниясы төлөгөн. Компаниянын расмий өкүлдөрү аны дагы бир жумага узартышы мүмкүн.

"Мурда күнү аталган компаниянын өкүлдөрү Дубайдан учуп келди. Алар кырсыктан жабыр тарткан экипаждын туугандарына кошумча жардам беришет экен. Бир жумага төлөнгөн мейманкананын наркын дагы бир аптага узартып беришет. Келген өкүлдөрдүн арасында Жылдыз менен чогуу иштеп, жашагандары да бар экен", — дейт Абдылдаев.

21-мартта улуттук маданий автономиянын 30га жакын мүчөсү кырсык болгон жерге барып гүл койгонун "Кыргызстан — үй" Ростов шаардык кыргыз улуттук маданий автономиясынын президенти кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0