Чек ара кызматы: өзбек чек арачылар КР жарандарынан чет элдик паспорт талап кылган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын паспорту. Архив
Кыргызстандын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу экенин белгилейт.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Өзбек чек арачылар Ала-Бука — Кербен унаа жолунан өткөн кыргызстандык жарандардан чет элдик паспорт талап кылган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Өкмөт башчы: бир сантиметр жерибизди да бербейбиз
Эскерте кетсек, 18-март күнү Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда Өзбекстандын чек арачылары такталбаган аймакка эки БТР жана 40ка жакын аскерин жайгаштырып, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Өзбекстандын Чек ара комитети чек аранын бир тараптуу жабылышы Нооруз майрамына байланыштуу экенин билдирген.

Чек ара кызматы бүгүнкү күнгө карата Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагындагы абал туруктуу экени белгилейт. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөсүн улантууда. 

"Аталган аймакта аскер техникасынын ишке кириши катталган жок. Чек арачылардын саны өзгөрүүсүз турат. Ала-Бука — Кербен унаа жолунан өтүүдө эч кандай тоскоолдук байкалбайт. Өзбек чек арачылар жолдон өткөн кыргызстандык жарандардан чет элдик паспорт талап кылган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик чек арадагы кырдаал толугу менен Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөлүндө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0