Ош шаарында эртең оппозиция өткөрө турган митинг болбой калды

© Фото / cercamonОш шаарына көрүнүш. Архив
Ош шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эл үнү" кыймылынын өкүлү түштүк борбордо 24-мартта боло турган оппозиция митингине 10 миңден ашуун элдин келиши күтүлгөндүгүн айтты.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ош шаарында эртеңкиге пландалган оппозиция митинги белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Бул туурасында аны демилгелеп жаткан оппозициялык "Эл үнү" кыймылынын өкүлү Медер Үсөнов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады.

Аны айтымында, өлкөдөгү тышкы саясий кырдаалдан улам, алардын планы өзгөргөн.

"Тышкы саясий кырдаалыбыз, тагыраагы Аксы, Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абалыбыз жакшы эмес. Ошого байланыштуу ички саясаттагы мындай митингдерди убактылуу белгисиз мөөнөткө чейин токтотуп турууну эп көрдүк. Өзүбүз менен өзүбүз ушинтип ыркырашып отурсак, башкаларга күлкү болушубуз мүмкүн", — деп билдирди Үсөнов.

Ал түштүк борборго пландалган 24-марттагы оппозиция митингисине 10 миңден ашуун элдин келиши күтүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0