Президентке Шабдан баатыр көчөсүнө түшө турган сквердин долбоору көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине келди
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сквер жайгаша турган аймактын жалпы аянты 0,9 гектарды түзөт.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине келип, ушул аймакка түшө турган сквердин долбоору менен таанышат.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы мэр Бишкекти өнүккөн шаарга айлантууга милдеттендирилди
Башкы архитектор Бактыбек Абдиевдин айтымында, эс алуучу жайды ушул жылдын август айында ачуу пландаштырылган.

Скверге гүлдөр отургузулуп, жашылдандырылат. Эс алуу жайынын жалпы аянты 0,9 гектарды түзөт. Азырынча долбоорго сарпталуучу каражаттын көлөмү айтыла элек.

Абдиев шаар боюнча 5-6 скверди калыбына келтирүү каралганын кошумчалады. 

Аталган жай 2005-жылы 24-мартта болгон элдик революциянын аты менен аталары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0