Бишкекте Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сквер проекти. Архив

Шабдан баатыр көчөсүндөгү сквер 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга арналат

52
(жаңыланган 19:54 24.03.2016)
Өлкө башчысы аянты бир гектарга жете турган сквердин долбоору менен таанышып чыкты.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкекте Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга арналган жаңы сквер пайда болорун мэрия билдирди.

Бейшемби күнү шаар башчысы Албек Ибраимов долбоор менен Алмазбек Атамбаевди тааныштырды. 

Эскиздик долбоор боюнча аталган скверге фонтандар, отургучтар орнотулуп, бак жана гүлдөр отургузулат.

Эс алуучу жайдын жалпы аянты 0,9 гектарды түзмөкчү. Учурда бул жерде көчөт базар жайгашкан. Бак отургузуу убактысы өткөндөн кийин базар Гареев атындагы ботаникалык бактын аймагына көчүрүлөт.

Сквердин курулушуна каражат президенттин фондусунан бөлүнөт. Азырынча болжолдуу наркы 7 миллион сомду түзүүдө.

52
Белгилер:
сквер, долбоорлор, базар, эс алуу, Бишкек
Тема боюнча
Президентке Шабдан баатыр көчөсүнө түшө турган сквердин долбоору көрсөтүлөт
Кулматов: Санкт-Петербургда Айтматов скверинин ачылышы – Кыргызстан үчүн белек
Бульдозер жер көчкү жүргөн жерде. Архив

Сел, жер көчкү... Өлкөдө 3000ден ашык үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

11
(жаңыланган 09:46 22.06.2021)
ӨКМ өкүлү быйыл сел менен жер көчкүнүн түшө турчу убактысы өтүп баратканын, суу аз болгонуна байланыштуу тобокелдиктер да көп болбогонун кошумчалады.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанда үч миңден ашык үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт. Бул тууралуу ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөп жатып өлкөдө сел жана жер көчкү жүрө турчу 4 миңден ашык кооптуу аймак бар экенин белгиледи.

Начальник Управления гражданской защиты и аварийно-спасательных работ МЧС Ырыспек Жолдошбаев на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштери башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев
"Ал жактарда 3 миңден ашуун үй-бүлө жашайт, аларга жыл сайын башка жакка көчкүлө деп айтып келебиз", — деди Жолдошбаев.

Адис быйыл сел менен жер көчкүнүн убактысы өтүп баратканын, суу аз болгонуна байланыштуу тобокелдиктер да көп болбогонун кошумчалады.

11
Белгилер:
аймак, Жер көчкү, сел, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды
Медициналык кызматкер бейтап менен ооруканада

Окумуштуу "индия" штаммынын "куулугун" айтып берди

26
(жаңыланган 09:34 22.06.2021)
Окумуштуу "Спутник V" вакцинасы калыптандырган антитело бүгүнкү күндөгү бардык штаммдардан сактай аларын белгилеген.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. "Индия" штаммы жана анын мутациялары абдан коркунучтуу, булар клеткага киргенде антителого өтө туруктуу болуп алат. Мындай маалыматты РИА Новости Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбургдун айтканына таянып жазды.

"Индия" штаммынын өзү сыяктуу эле анын мутациясы да сөз жок кооптуу. Себеби биздин клеткалар менен башкача аралашып кетет. Тагыраагы, аны бузбай туруп, биринен экинчисине тарайт да көп өзөктүү клеткаларды жаратып, ичине кирип жайгашып алат. Бул канда айланып турган антителого болгон туруктуулукту жаратат. Анын "куулугу" ушунда", — деген окумуштуу.

Гинцбург буга чейин берген маалыматында аталган штамм илдеттин жеңил белгилеринен оор түрүнө тез өтүшү менен кооптуу экендигин айткан. Мунусу менен адамдын организмине өзүнүн антителосун пайда кылган убактысын кыскартарын кошумчалаган.

Окумуштуу "Спутник V" вакцинасы берген антителонун запасы бүгүнкү күндөгү бардык штаммдардан сактоого жетишерин белгилеген.

26
Белгилер:
коронавирус, "Индия" штаммы, Александр Гинцбург, антитело, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Москвада вакцина алгандардын кайрадан COVID жуктурган учурлары катталууда