БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргыз алфавитинен сегиз тамганы (е, ё, ю, я, ц, щ, ь, ъ) алып салууну жана кошумча Ғғ (жумшак "г" тамгасы), Ққ (жумшак "к") жана Әә (æ) (жумшак "а") тамгаларын кошууну Мамлекеттик тил комиссиясы сунуштап жатат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Эрматов мындай сунуш жөн жерден эле кабыл алынбаганын мындайча түшүндүрүп берди.
Тил комиссиясынын төрагасы жумушчу топ кыргыз тилинин табиятына туура келбеген, орусчадан күчтөп киргизилген сегиз тамганы алып салуу боюнча сунуш бергенин кошумчалады. Жумушчу топтун сунушу президенттин аппаратына жиберилип, аппарат өз кезегинде КР Улуттук илимдер академиясына сунушту карап чыгуу боюнча кайрылганын Эгембердиев маалымдады.
"Кечээ Улуттук илимдер академиясында кереге кеңеш болуп, түрдүү пикирлер айтылды. Арасында "жаңылык киргизүүнүн кажети жок" дегендер да бар. Ошол эле учурда "мезгил ушуну талап кылып жатат" дегендер да болду. Азыр бул маселе эл арасында бүйүр кызыткан талкууларга жем таштап жаткан маалы", — дейт ал.
Эрматов кыргыз тилинде "щ", "ц" тамгалары менен башталган сөздөр жок экенин айтат. Ошондой эле орус алфавити менен айрым эрежелер — орус тилинде сөздөр кандай жазылса кыргызча да ошондой жазылыш керек деген эреже таңууланган дейт ал.Эгер бул сунуш президент тарабынан колдоого ээ болуп калса, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мөөнөт берилип, жаңы эрежелер иштелип чыгарын Эрматов кошумчалады.
Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Курманбек Токтоналиев тил комиссиясы тарабынан көтөрүлгөн бул сунуш коомчулуктун да талкуусуна коюуларын айтат.
"Азыр так кесе мындай, же тигиндей болот деп айтууга болбойт. Андыктан коомчулук менен кеңешүү керек", — деди ал.
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эрматов бир канча убакыттан кийин Кыргызстандын да латын алфавитине өтүү мезгили келе турганын айтат. Буга чейин Кыргызстан араб, андан кийин латын жана кириллица алфавитине өткөнүн белгиледи. Кыргызстанга коңшу жайгашкан Өзбекстан эгемендүүлүгүн алгандан бери латын тамгаларын колдонуу аракетине батыл киришкенин, Казакстан 2025-жылдан тарта латын алфавитине өтүү боюнча аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.
"Кыргызстан дагы эртеби-кечпи латын алфавитине өтүүгө келет. Бирок ал экономикага байланыштуу болгондуктан көп каражатты талап кылат. Анткени адабияттарды, китептерди ушул арипке өткөрүп чыгуу керек. Ошол эле учурда бул демилгенин экинчи жагы бар — жаңы өсүп келе жаткан муун эски адабиятты, китептерди окуй албай, билим жагынан аксап калышы мүмкүн", — дейт ал.
Эрматов өз сөзүндө латын арибине өтүүдө Өзбекстандын тажрыйбасын да эске алуу керектигин айтат. Себеби Өзбекстан латын арибине өтүп баштаганда кириллица менен басылып чыккан китептерди өрттөп, жок кылышкан. Мындай аракети менен улуу муунду руханий, адабий дөөлөттөрдөн кур жалак калтырган болчу дейт ал.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.