Кыргыз-өзбек чек арасында курал менен согушкерлер ташылышы мүмкүн делген туннель табылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЧек ара зонасы. Архив
Чек ара зонасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткезчилер туннелди кымбат баалуу буюмдар менен адамдарды ташууга пайдаланып келишкен. Ал аркылуу курал-жарак менен ок-дары өткөрүлүшү да мүмкүн экени айтылууда.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызмат жетекчилеринин жолугушуусунда аткезчилер кымбат баалуу буюмдар менен адамдарды ташууга пайдаланып келген туннель тууралуу талкуу болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан  агенттиги билдирди.

Өзбекстандын мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин маалымат кызматы кыргыз-өзбек чек арасында аткезчилик операцияларынын мындай ыкмасы биринчи жолу аныкталганын белгилөөдө.

© пресс-служба СНБ РУзКыргыз-өзбек чек арасында табылган туннель
1/2
Кыргыз-өзбек чек арасында табылган туннель
© пресс-служба СНБ РУзТуннелдин тереңдиги 6 метрге жетип, туурасы 60-70 сантиметрди түзөт.
2/2
Туннелдин тереңдиги 6 метрге жетип, туурасы 60-70 сантиметрди түзөт.
1/2
Кыргыз-өзбек чек арасында табылган туннель
2/2
Туннелдин тереңдиги 6 метрге жетип, туурасы 60-70 сантиметрди түзөт.

"Туннелдин тереңдиги 6 метрге жетип, туурасы 60-70 сантиметрди түзөт. Бийиктиги 1-1,2 метр, ал эми узундугу 120 метрге чукул. Ал өзбек жаранынын үйү менен кыргызстандык аялдын үйүн байланыштырып келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган курулушту курал-жарак, ок-дары, жардыруучу зат, Конституцияга каршы адабият, баңгизат жана согушкерлерди ташууга пайдаланылышы мүмкүн делген версия иштелип чыгууда. 

"Тараптар кызматташуунун бардык маселелери боюнча биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуу өз ара түшүнүшүү маанайда өттү", — дейт комитеттин маалымат кызматы.

Асанов: Өзбекстан Аксы, Ала-Букадагы чек арадан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти
Өзбек күч структураларынын билдирүүсүндө аталган туннелди жок кылуу боюнча чечим кабыл алынган. Муну менен бирге жакынкы аралыкта өз ара кызматташуунун негизги багыттары аныкталган. 

Жума күнү Өзбекстан эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын аймагында жолугушуусун демилгелеген. Сүйлөшүү Кыргызстандын аймагындагы "Кызыл-Кыя" көзөмөл өткөрүү жайында өттү.

Жолугушуунун натыйжасында, өзбек тарап Ала-Бука районундагы чек аранын такталбаган аймагына жайгаштырган аскер техникасы менен жоокерлерин алып чыгып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0