Зумрад Жанабаева: инспекторду бошотуу буйругуна мен эмес, орун басарым кол койгон

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык автоинспекциянын жетекчиси кол алдындагы кызматкерин арткы число менен жумуштан бошотуп жиберген деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жол кайгуул кызматынын инспекторун арткы число менен жумуштан бошотуу буйругуна мекеменин жетекчиси Зумрад Жанабаева эмес, анын орун басары кол койгон. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Жанабаева өзү айтып берди. 

Бишкектин ЖКК кызматынын башчысы Жанабаева жөнүндө 5 факт
Бишкектин Жол кайгуул кызматынын башчысы Жанабаева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалаган деген шек менен кармалган. Кылмыш иштин алкагында Жанабаева кол алдындагы кызматкерин арткы число менен бошотуп жиберген деп шектелүүдө. Аталган инспектор 8-ноябрь күнү мыйзам бузган. Ал эми аны иштен кетирүү боюнча буйрук 6-ноябрда чыккан. Бирок текшерүү учурунда журналда инспектор 6-7-ноябрда табелдик курал алып, кезметке чыкканы катталган.

"Аталган буйрукка мен эмес, менин орун басарым Молдогазиев кол койгон", — деди Жанабаева.

Өз кезегинде Молдогазиев жетекчи жокто документтерге кол коюу укугуна ээ экенин билдирди.

"Ооба, буйрукка мен кол койгом, бирок бул 6-ноябрда болгон эмес", — деди орун басар.

Молдогазиев окуянын чоо-жайын кененирээк айтып берүүгө убада берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0