КУУнун студенттеринен турникет үчүн чогултулган акча кайтарылып берилет

© Sputnik / Андрей Старостин / Медиабанкка өтүүОкуу жайдагы турникет. Архив
Окуу жайдагы турникет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин окуу жайдын студенттери турникет орнотууга алардан каражат топтолуп жатканын билдиришкен. Кийин Билим берүү министрлиги окуу жайларга турникет орнотуу боюнча буйругун жокко чыгарган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин студенттеринен турникет үчүн чогултулган акча кайтарылып бериле турганын окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Лондон шаарындагы Биг Бен сааты. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаттары Лондондо кыргызстандык студенттер менен жолукту
Буга чейин студенттер турникет орнотуу үчүн окуу жайдын жетекчилиги тарабынан акча чогултулуп жатканын билдирип, нааразычылыгын айтышкан. Кийин Билим берүү министрлиги окуу жайларга турникет орнотуу боюнча буйругун жокко чыгарган. 

КУУнун ректору Чынара Адамкулова коопсуздук системасын орнотуу менен алектенген компаниянын директору Азамат Жакыповду кабыл алды.

"Мен сизди студенттерден турникет орнотуу үчүн чогултулган акчаны кайтарууну сүйлөшүү үчүн чакырдым. Бул боюнча көптөгөн суроолор болду. Министр буйрукту жокко чыгаргандан кийин биз турникетти орнотпойбуз. Андыктан студенттерге акчаларын кайтарып берүү керек", — деди Адамкулова.

Акчаны кайтаруунун создуктурулуп жатканын Жакыпов чогулган акчага жабдуулар сатып алынып, салыктар төлөнүп калганы менен түшүндүрдү.

"Биз дароо келип карыздарды толук төлөй албайбыз. Иш жүзүндө биз келишимде жазылган милдеттерди аткарбагандыктан студенттерден чогулган каражатты кайтарып беребиз. Ал үчүн ар бир студент биздин офиске келип, биз менен болгон келишимди кайтарып, акчаны алганы боюнча кол коюп бериши керек", — деди Жакыпов.

Абалдын чоо-жайы тыкыр талкуулангандан кийин КУУнун ректору окуу жайдын жана компаниянын өкүлдөрүнө график түзүүнү тапшырды. Бир жума ичинде, тактап айтканда 4-апрелден баштап студенттерге акчалары кайтарыла баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0