ЖКК башчысы Зумрад Жанабаева ооруканага түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукана кызматкерлери. Архив
Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот буга чейин Жол кайгуул кызматынын жетекчисин 17-апрелге чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күч органдарындагы булак билдирди.

Бишкектин ЖКК кызматынын башчысы Жанабаева жөнүндө 5 факт
Жанабаева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана документтерди жасалмалаган деген шек менен өткөн бейшемби күнү Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан кармалып, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Ишемби күнү сот аны камакта 17-апрелге чейин калтыруу боюнча чечим чыгарган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жанабаева азырынча №1 тергөө абагына алып келине электигин маалымдады. Милициянын айтымында, ал убактылуу кармоочу жайда кармалып, жүрөгү ооруп жатканын айткан. Күч структурасындагы булак Жанабаева түндө Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө жаткырылганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0