БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинин "Куран конкурсунун уюштуруу" коомунун жетекчиси шейх, доктор Ибрахим Бубшейт жана Мухаммад Аруайшит менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Эскерте кетсек, Бишкекте Куран окуу боюнча республикалык сынак өтүп, анын жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи кечээ өттү. Ага ылайык, 30 пара Куранды жат билүү боюнча 1-орунду алган Мухаммадали Умаровго 90 миң сом берилсе, 2-орунду алган Алижан Саттаровго 70 миң сом менен сыйланды. Ал эми үчүнчү орунга ээ болгон Мабрула Махмуджан кызына 55 миң сом ыйгарылды.
Курандын 10 парасы боюнча баш байгеге ээ болгон Адиятулло Жумабек уулу 35 миң сом менен сыйланса, 2-орунду алган Зарипов Усманга 20 миң сом ыйгарылды. Ал эми 3-орунга ээ болгон Абдырауов Мухаммад 14 миң сом менен сыйланды.
Азирети муфтий "Куран конкурсунун уюштуруу" коомунун жетекчиси шейх, доктор Ибрахим Бубшейтке республикадагы Куран жарышына көрсөтүп жаткан колдоосуна терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташтыкка Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы даяр экендигин айтты. Ошондой эле Катар мамлекети менен Кыргызстандын достугу мындан ары дагы бекемделери белгиленди.