Бишкекте "Түкүрбө" деген жабыштыргычтар пайда болду

© Куштар МамыталиевБорбор калаада "Түкүрбө" деген жабыштыргыч
Борбор калаада Түкүрбө деген жабыштыргыч - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активист аларды өз чөнтөгүнөн каржылап чыгарууда. Ал жаңы демилге менен мэрияга бир нече ирет кайрылганын кошумчалады.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Борбор калаада "Түкүрбө" деген жабыштыргычтар пайда болду. Аны демилгелеген Бишкек шаарынын тургуну Куштар Мамбеталиев мындай идея ага бир жыл мурда эле келгенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ал өзүнүн идеясын мэрияга бир канча жолу сунуштаган.

"Жабыштыргычтарды кечээтен тарта чаптап баштадым. Мэрия тараптан эч кандай реакция болгон жок. Мени колдогондор да бар, бирок азырынча мунун барын өзүм эле жасап жатам. Учурда ушундай жабыштыргычтарды жайылтып жатам, кийин башкача дизайндары чыгат", — дейт активист.

Ал көчөдөгү какырык-түкүрүктөр үчүн чет жактан келгендерден уяларын айтат. Анын айтымында бул коомдун жалпы көйгөйү. Андыктан аны чечүүдө коомчулуктун көңүлүн буруу керек.

© Куштар МамыталиевБорбор калаада "Түкүрбө" деген жабыштыргычтар пайда болду.
1/3
Борбор калаада "Түкүрбө" деген жабыштыргычтар пайда болду.
© Куштар МамыталиевАны демилгелеген Бишкек шаарынын тургуну Куштар Мамбеталиев.
2/3
Аны демилгелеген Бишкек шаарынын тургуну Куштар Мамбеталиев.
© Куштар МамыталиевАл көчөдөгү какырык-түкүрүктөр үчүн чет жактан келгендерден уяларын айтат. Анын айтымында бул коомдун жалпы көйгөйү.
3/3
Ал көчөдөгү какырык-түкүрүктөр үчүн чет жактан келгендерден уяларын айтат. Анын айтымында бул коомдун жалпы көйгөйү.
1/3
Борбор калаада "Түкүрбө" деген жабыштыргычтар пайда болду.
2/3
Аны демилгелеген Бишкек шаарынын тургуну Куштар Мамбеталиев.
3/3
Ал көчөдөгү какырык-түкүрүктөр үчүн чет жактан келгендерден уяларын айтат. Анын айтымында бул коомдун жалпы көйгөйү.

Бир жабыштыргычтын наркы 5 сом. Ага кеткен чыгымды Мамбеталиев өз чөнтөгүнөн төлөп жатат.

"Эгер демөөрчү болгондо жабыштыргычта анын жарнамасы да жайгаштырылмак. Кээ бир кишилер аны менден сатып алып жайылткылары келгенин айтышууда. Азырынча аларга ишене бербегендиктен бергеним жок", — деди ал.

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия көчөмө көчө кыдырып муниципалдык менчикти эсепке алат
Мамбеталиев "айрым" кишилер үчүн "Ээ, тууган, түкүрбө!" (Ээ, брат, не плюйся!) деген жабыштыргычтар чыгарыларын кошумчалады.

Активист жабыштыргычтар имараттарга, аялдамаларга жана коомдук транспортко алардын ээлеринин уруксаты менен гана чапталарын баса белгиледи.

Ал эми шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы Мамбеталивди мэрияга чакырып, анын демилгеси боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүү болорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0