Шериповдун ишинде кылмыштын белгилери жок

Жазылуу
Сот Шериповду убактылуу кармоочу жайга 15 күнгө отургузуу чечимин чыгарып жатып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 102, 103 беренелерин эске албаганы маалыматта баса белгиленген.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповдун аракетинде кылмыштын белгилери жок экенин билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди. 

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгы тууралуу УКМК билдирген. Ал убактылуу кармоочу жайга 15 күнгө кесилген

Маалыматка ылайык, иштин үстүндө жүргүзүлгөн мониторинг Нурлан Шериповду кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамсыз экенин көрсөткөн. 

Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статс-катчы деген ким? Анын колундагы 5 бийлик
Статс-катчынын адвокаты Жыргалбек Бабаев, Шериповду күнөөлөп жаткан Атакулов экөөнүн ортосундагы талаш жарандык-укуктук мамиле экенин айтат. 

Адвокаттын билдиргенине караганда, 2006-жылы Шерипов өкүл баласынын бир тууганы Аскат Атакулов менен сүйлөшүп, ага эки айгырды багып бер деп берген. Төрт жыл ичинде Шерипов дагы алты жылкы сатып алып, Атакуловго карматкан. Жыл сайын малдын тоютуна деп өзүнчө 25-30 миң сомдон берип турган. Шерипов малын көргүсү келгенде, туушканы бардыгын сатып салганы белгилүү болгон. Ал эми акчаны болсо өз керектөөсүнө жумшап салган.

Шерипов каражатты кайтарып берүүнү талап кыла баштаганда, Атакулов өз каалоосу менен "кайтарып берем" деп тил кат жазып берген. Бирок, кийин акчаны бергиси келбеген жаран Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына "акча талап кылып жатат" деп арыз жазып салган. 

Мындан сырткары, адвокат Атакулов менен Шериповдун тууган-туушкандык мамилеси бар экенин тастыктаган видео, сүрөттөр бар экенин айткан. Атакулов өзү дагы Шериповдун жылкыларын баккандыгын жана карызын кайтарып берүүгө сөз бергенин моюндаган. 

Буга ылайык, адвокат Бабакулов коомчулукка Шерипов тууралуу туура эмес маалымат таркап кеткенин билдирет. 

"Көрсөтүлгөн материалдарды карап чыккан акыйкатчы, статс-катчыны 170, 353-беренелер боюнча айыптоого эч кандай негиз жок экенин билдирди", − деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, сот Шериповду убактылуу кармоочу жайга 15 күнгө отургузуу чечимин чыгарып жатып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 102, 103 беренелерин эске албаганы маалыматта баса белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0