Жер көчкү деген эмне? Айттырбай келген алааматтын алдын алуу жолдору

Жазылуу
Кырсык айттырбай келери маалым. Антсе да, зилзала тууралуу көбүрөөк билип, анын алдын алуу эрежелери, сактануу жолдору тууралуу көбүрөөк кабардар болуу ар кыл кырсыктан аман калууга жардам берет.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мындан бир жума мурун Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу айылына 52 миң кубометр жер көчкү түшкөн. Мындан улам 20 турак жайды суу каптоо коркунучу жаралган. 

Жер көчкү — жер кыртыш массасынын оорлошуп тоо тектери менен кырлардын, жар, көл, дарыя жана деңиздердин жээктери төмөндү көздөй жылмышып, урап түшүүсү. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка таянып, жер көчкүнүн жүрүү себептери менен кырсыкты алдын алуу жолдорун карап чыкты. 

Жер көчкүнүн келип чыгуу себептери:

  • Мөңгүлөрдүн эриши, жамгырдын катуу жаашы тоо тектерине сиңип отуруп, жер кыртышынын массасын оорлотот. Мындан улам, жер кыртышы төмөндү көздөй урап түшүү коркунучу жаралат;
  • Дарактарды кыркуу, оор имараттарды куруу, жардыруу иштерин жүргүзүү жер кыртышын алсыздатат;
  • Жер титирөөдөн улам тоо тектериндеги пайда болгон ажырымдар;
  • Оор транспорттук каражаттар дагы кыртыштын тең салмактуулугун бузат.

Маалыматка ылайык, Борбордук Азияда 5-20 метр калыңдыктагы тектердин төмөндү көздөй жылмышуусу көп байкалат. 

Көчкү жүрүшүнүн алгачкы белгилери:

  • Имараттардагы жаракалардын пайда болушу;
  • Жол жээктериндеги тосмолордо жараканын пайда болушу;
  • Жердин көөп чыгышы;

Ар кандай бийик конструкциялардын пайдубалынын жылышы.

Оползень в селе Алмалу-Булак Сузакского района - Sputnik Кыргызстан
Көчкү жүргөн Алмалуу-Булак айылынын тургундарына көчүрүүгө буга чейин эле ссуда берилген
Көчүп түшкөн кыртыштын көлөмү ондогон, жүздөгөн миң куб метрге, ал эми айрым учурларда андан да көп салмакка жетиши мүмкүн. Көчкүнүн жылмышуу тездиги жылына бир нече метрлерди түзгөн учурлар кездешет. Айрыкча жер титирөөдө көчкүнүн жылышы тездейт. Кыртыш массасынын жылышы турак-жай, өндүрүштүк имараттарды инженердик жана жол курулуштарын, магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн, электр берүү линияларынын бузулушуна же кыртыш астында калышына, ошондой эле адамдардын жабыр тартып, мерт болушуна алып келет. 

Алдын алуу чаралар:

  • Көчкү жүрүүчү жерлерди иликтеп көрүү зарыл;
  • Имараттардын эшиктери жана терезелери жакшы жабылбай, тоо беттеринен суунун сарыгып чыгышы байкалса, көчкү жүрүү коркунучу жаралат.

Көчкүдөн сактануу жолдору:

  • Көчкү жүрүү ыктымалдыгы келип чыкканда электр приборлорун, газ жана суу түтүктөрүн өчүрүп, дароо көчүп кетүүгө даярдануу керек;
  • Эгер көчкү жай жылмышса (айына бир метрден жылып турса) зарыл буюмдарды ташып кетүүгө үлгүрүү керек;
  • Көчкүнүн жылмышуусу бир күндө 0,5-1 метрди түзсө, анда дароо коопсуз жайга көчүп кетүү зарыл;
  • Документтерди, баалуулуктарды, жагдайга жараша жылуу кийим-кечени, тамак-аш азыктарын кошо алып кетүүгө аракет жасоо керек.

Көчкүдөн кийинки аракеттер:

  • Көчкүдөн эптеп аман калган имараттарды текшерип көрүү үчүн адистерге кайрылуу керек;
  • Алгач имараттын дубалдарынын, электр, газ жана суу түтүктөрүнүн бүтүндүгүн текшерүү зарыл. Көчкү алдында калган адамдарды сыртка алып чыгууда куткаруучуларга жардам берүү керек. 

Түптөлгөн коркунуч тууралуу алдын ала иликтеп билүү менен мындай тобокелдүү жерлерге үй салбоо керектигин унутпаңыздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0