Россия сегодня Эл аралык маалымат агенттигинин сайтынын Социалдык навигатор бетинин сүрөтү.

Социалдык навигатор абитуриенттер жана ата-энелер үчүн жаңы ресурс

84
(жаңыланган 15:06 05.04.2016)
Жаңы долбоордун ичинде Россиядагы бардык окуу жайлар боюнча толук маалыматтар жайгаштырылган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Россия сегодня" Эл аралык маалымат агенттиги жыл сайын чыгуучу "Социалдык навигатор" долбоорун тааныштырды. 

Бул жерде Россиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн бардык материалдар чогултулган. Ресурс абитуриент менен ата-энелерге жогорку окуу жайларды багыты, бирдиктүү мамлекеттик экзамен, окуу жайдын баасы жана эл аралык рейтингде канчанчы орунда турары боюнча тандоого мүмкүндүк берет. Жаңы навигаторго өлкөнүн 79 аймагындагы 440 мамлекеттик жана 66 жеке окуу жайлар тууралуу маалыматтар камтылган. Ошондой эле аталган окуу жайда канча студент билим алып жатканы боюнча да билдирүүлөр бар.

"Социалдык навигатор" долбоорунун жетекчиси Наталья Тюрина быйыл абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине жаңыланган ресурс сунушталганын айтат.

"Буга окшогон долбоорлор Россияда жок. Биринчиден, бул — жападан жалгыз ресурс. Мында өзүңүз жашаган аймактагы же шаардагы окуу жайда өтө турган бирдиктүү мамлекеттик экзамендин жыйынтыктарын көрө аласыз. Экинчиден, ушул эле жерден жеке окуу жайлар боюнча маалыматтар жана билим алуунун баасы жөнүндө толук маалыматтар камтылган. Үчүнчүдөн, бул жерде олимпиаданын жыйынтыктары боюнча окуу жайга максаттуу түрдө кабыл алуу жөнүндө толук билүүгө болот", — дейт ал. 

Жалпы Россиялык студенттер кеңешинин төрагасы "Качество образования: перезагрузка" долбоорунун автору жана жетекчиси Олег Цапко абитуриенттер окуу жайды тандоодо кыйналарын айтат. Себеби, алар толук маалыматты билбей эле, ата-энеси менен тааныштарынын уккан-билгендери боюнча окуу жайды тандарын белгиледи.

"Көпчүлүк учурда университетти же институтту тандоодо абитуриент айланасындагылардын көз карашы боюнча престиждүү деп саналган окуу жайды тандайт. Жогорку окуу жайдан киши өзүнүн кызыкчылыгына туура келген бардык тармак боюнча өзүн өнүктүрүүсү керек", — дейт ал.

"Абитуриенттин навигатору" жогорку класстын окуучуларына жана алардын ата-энелерине жогорку окуу жайды тандоодо билим берүүнүн деңгээлин эске алуу менен туура чечим чыгарууга түрткү берет. Мына ушундай мүмкүнчүлүктү алар "Социалдык навигатор" долбоорун сайтынан таба алышат.

Абитуриенттин навигатору – бул "Россия сегодня" медиатобунун жыл сайын чыгарган иши. Ал жакта өлкө аймагындагы бардык жогорку окуу жайлар боюнча маалыматтар камтылган.

Аталган долбоор Россиянын абройлуу сыйлыктарынын лауреаты болгон.

"Россия сегодня" ЭМА — дүйнөдөгү окуяларды ыкчам, салмактуу жана объективдүү чагылдырып, башкы окуяларга карата түрдүү көз караштар жөнүндө маалымат берип турууну башкы милдети катары көргөн эл аралык медиатоп. "Россия сегодня" ЭМА маалымат ресурстарынын катарын РИА Новости, Р-Спорт, РИА Недвижимость, РИА Рейтинг, ИноСМИ агенттиктери түзөт. "Россия сегодня" россиялык ЖМКлар арасында өзүнө шилтеме жасоолор жагынан алдыда туруп, өз брендине чет өлкөлөрдө таянууларды өстүрүүдө. Агенттик ошондой эле россиялык социалдык тармактарда жана блог тармагында да өзүнө шилтеме жасоолор жагынан алдыда келе жатат.

84
Белгилер:
окуу жай, "Россия Сегодня" ЭМА, ЖМК
Тема боюнча
Глебова: россиялык ЖОЖдор 15 миң чет өлкөлүктөрдү акысыз окууга чакырат
Билим берүү министрлиги 14 жогорку окуу жайдагы айрым адистиктерди жапты